Коом
Мрамор айылына чакан автобустар каттайт: президент мөөнөтүн тактады

Аламүдүн районунун Мрамор айылындагы транспорт тартыштыгы жакынкы айларда чечилиши мүмкүн.
Бул маселени мамлекет башчысынын катышуусундагы жолугушууда Чокморов айыл аймагынын депутаты Эльмира көтөрүп чыгып, айылга №153 же №43 шаардык каттамдардын бирин узартып берүүнү өтүндү.
Бишкек шаарынын мэриясы конуштарга жана Чүй облусунун жакынкы айылдарына кошумча каттамдар пландалып жатканын билдирди. Ал эми жолдун абалы туура келбегендиктен, ал жактарга чоң автобустар эмес, узундугу 8 метрлик 627 даана чакан автобустар киргизилмекчи.
Президент автобустарды март-апрель айларында жаңы автобекет ачылганга чейин келишин камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Шаар жетекчилиги учурда 6 компания текшерүүдөн өтүп, жумуштар жигердүү жүрүп жатканын кабарлады.



