Коом

Садыр Жапаров коомчулукка эмне үчүн көз айнекчен чыгып жатканы айтылды

Президент Садыр Жапаров көзүнө операция жасалганына байланыштуу жабык имараттардын ичинде дагы күндөн коргоочу көз айнек тагынууга аргасыз болууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, президентке көздүн алдындагы энтропион диагнозу коюлуп, операция жасатууга туура келген. 

Энтропион — бул көздүн алды менен кирпиктердин каректи карай кайрылып калышы. Мындан улам көз кычышып, айнек челдин эрозиясын пайда кылышы мүмкүн деп айтылат маалыматта.   

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button