Коом
Коронавирус. Ооруган баланын кооптуу белгилери тизмектелди
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кандай учурда жаш балдарды сөзсүз түрдө ооруканага алып барып текшертүү керектигин тизмектеди.
Жаңы төрөлгөн жана эки айга чейинки ымыркайлардагы кооптуу белгилер:
- эмчек эмүүсү начарласа;
- карышуу;
- уктай берүү же аң-сезимдин жоктугу;
- онтоп дем алуу;
- тез-тезден дем алуу (мүнөтүнө 60 же андан көп жолу);
- көкүрөктүн катуу тартылышы;
- алакан менен тамандын саргайышы;
- дене табынын көтөрүлүшү (38 градустан жогору);
- дене табынын төмөндөшү (35.5 градустан төмөн);
- кыймылдатканда гана болгон кыймыл-аракет;
- борбордук цианоз.
2 айдан 5 жашка чейин балдар арасындагы кооптуу белгилер:
- ымыркай эмчек эме албайт же иче албайт;
- карышуу (анамнезде ушул ооруга байланыштуу);
- ар бир суусундуктан же тамактан кийин кусуу;
- летаргиялык же аң-сезимсиз болуу.
Ошондой эле штаб балдарда жана өспүрүмдөрдө COVID-19дун кооптуу белгилеринин бирөө гана байкалса 103кө чалып, Тез жардам кызматын чакырууну эскертет.



