Жай мезгилинде балдардын коопсуздугу боюнча сунуштар
Балдар жол кыймылынын эрежелери менен эрте эле тааныша баштайт. Биринчи билим, тажрыйба жана эң негизгиси тарбияны ата-энеден алат. Жайкы эс алуу мезгилинде балдардын жолдогу коопсуздугуна, жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл буруу керек. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББы маалымат кызматы билдирди.
Жай — балдар үчүн бейкапар мезгил, бирок ошол эле учурда эң оор мезгил. Велосипед тебүү, ролик тебүү, таза абада сейилдөө балдарга чоң рахат тартуулайт. Бирок, ата-эненин кароосуз калган жаш жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер жолдо көп жаракат алышат.
Биз унаа жолдору көп жана өнүккөн республикада жашайбыз, ошондуктан жол эрежелерин жакшы билүү күнүмдүк турмушта коопсуздугубуз үчүн аябай керек.
Балаңыз үчүн ар дайым санааңыз тынч болушуңуз үчүн жана алар жолдо өзүн ишенимдүү сезиши үчүн, ата-энелер:
— күн сайын балдарга жол кыймылынын негизги эрежелерин эскертип туруңуз;
— баланын көзүнчө эч качан жол кыймылынын эрежелерин бузбаңыз;
— унаа жолунун кесилишинен өтүп жатканда баланы колунан кармап өтүңүз;
— балдарга жолдо жүрүүдө, этият жана кылдат болууну үйрөт, эч качан унаа жакын өтүп бара жатканда алдынан өтпөнү эскертиңиз;
— балдарга дайым жолдон жөө адамдар өтүүчү жолдор менен гана, светофордун жашыл түсүндө өтүүгө үйрөтүңүз;
УРМАТТУУ АТА-ЭНЕ, БАЛДАРДЫН КИЙИМДЕРИНДЕ ЖАРЫК ЧАГЫЛДЫРУУЧУ ЭЛЕМЕНТТЕР МЕНЕН ЖАБДУУНУ УНУТПАҢЫЗ, БАЛДАРЫН КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН КАМКӨРҮҢҮЗ, БАЛДАРДЫН ЖОЛДОГУ ӨМҮРҮ ЖАНА ДЕН СООЛУГУ КОРГОО СИЗДИН КОЛУҢУЗДА ЭКЕНИН ЭСИҢИЗДЕН ЧЫГАРБАҢЫЗ!



