Окуялар
Бишкектин ири дарыканаларында тыюу салынган дарылар сатылып келген, — Бажы кызматы

Бишкектеги дарыканалар аркылуу психотроптук заттарды саткан мыйзамсыз каналдын бети ачылды, деп маалымдады Бажы кызматынын басма сөз кызматы.
Бажы кызматы менен ИИМ Казакстандан атайын жашыруун жери бар жүк ташуучу унаа менен тыюу салынган дары-дармектерди жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз алып келгендерди кармашты. Бул дарылар Бишкектин ири дарыканаларында сатылып келгени аныкталды.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, Кыргызстандын Ж.Б.Ж. жана Н.К.Н. аттуу жарандары №21 тергөө абагына камалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.



