Окуялар

Сокулукта президенттин эл менен жолугушуусунда тартип бузуу аракети орун алды

6-ноябрда Сокулук райондук акимчилигинде мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуу маалында белгисиз аял киши имараттын тосмосунан ашып өтүүгө аракет кылган. Ички иштер органдарынын кызматкерлери ыкчам чара көрүп, аны токтотуп, аймактан сыртка чыгарышты.
​Сокулуктун тургундары президент менен жолугушууга эртең менен саат 14:00дө баштала турган иш-чарага эртелеп чогула башташкан. Администрация кызматкерлери залды толтургандан кийин имаратка кирүү токтотулган. Натыйжада, сыртта калган жарандар үчүн атайын чатырлар орнотулуп, алар ичкериден бошогон орундарды күтүп, мамлекет башчысынын сөзүн үн күчөткүчтөр аркылуу угуп турушту.

Тектеш кабарлар

Back to top button