Коом

Чынара Мамажакыпова: “Мурдагы президенттердин чогулганын – кыргыз элинин душмандары бурмалап талкуулоодо”

-Коомду удургутуп, улам козутуп тургандар бар. Алар, мурдагы президенттердин чогулуп сүйлөшкөнүн улам өздөрүнүн кызыкчылыктарына жараша талкуулап жатат. “Ушунча болду, Дубайда эмес Бишкекке чогултуш керек болчу”-дешип.

Баарын чогултуш үчүн Бишкек ыңгайсыз, себеби Курманбек Бакиевдин кылмышы бар, ал келмек эмес. Толук курам чогулбаса, анда бул иш чара максатына жетпейт. Президент Садыр Жапаров дагы бул себептерди эске алып, Кыргызстандан тышкары нейтралдуу өлкөдө уюштурду. Бизде мыйзамдан тышкары – кыргыздын наркы, салты, мамлекеттин келечегине маанилүү болгон чечим, түшүнүктөр бар. Элди бөлүп жарган, коомдун тынчын алган так ушул мурдагы президенттердин тарапташтары. Айрыкча соцсеттерде ыркырашып эле турушат. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө шек келтирген, аймак аралык кастыкты козуткан аракеттерди кылышат.

Мына ушундай терс көрүнүштөрдү жоюу, токтотуу үчүн президент бул кадамга барды. Эми туугандар, улам бура тартып, жыра тартып талкуулай бербей токтотолу. Пейлибизди оңдоп, келечекти ойлонолу. Кимде ким ушул теманы кайра көтөрүп, терс пикирлерди жарата берсе – ал Кыргызстандын чыккынчысы жана душманы!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button