Коом

Тажикстанга мыйзамсыз бара жаткан автоунааны асманга ок атып токтотушту

Чек арачылар менен УКМК кызматкерлери Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып чыгып бара жаткан автоунааны кармашты. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат катчылыгынан билдиришти.

Баткен районунун Ганжак аймагында кызмат өтөп жаткан чек арачылар мамлекеттик чек ара сызыгына Kia үлгүсүндөгү автоунаанын келе жатканын байкашкан. Айдоочу кызматкерлердин автоунааны токтотуу талабына баш ийген эмес.

«Чек арачылар мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу үчүн абага ок атууга аргасыз болгон. Айдоочу ошондо гана токтогон. Текшерүү учурунда 31 жаштагы киши Кыргызстандан Тажикстанга 1,5 тонна кургатылган тамеки алып чыгып бара жатканы белгилүү болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү документтер даярдалган соң кармалган адам менен жүк компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button