Коом

COVID-19: Органын алмаштырган бейтаптар үчүн вакцина алуу боюнча сунуштар

Органдарын алмаштырган бейтаптар коронавирустук инфекциясына кабылуу коркунучу бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Белгилей кетүүчү нерсе, COVID-19 ар бир адамда индивидиалдуу болушу, бирок иммунитети төмөн адамда ал оор түрдө өтүшү мүмкүн.

Мындан улам, эмдөөдөн өтүп жана төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо зарыл:

— Эгерде сиз инфекция жуктуруп алуу коркунучу жогору же кийинчерээк коронавирус инфекциясы тастыкталган адамдар менен байланышкан болсоңуз, дароо дарыгериңизге кайрылыңыз;

— Керектүү дары -дармектер менен камсыз болуу зарыл;

— Белгилүү жана эффективдүү алдын алуучу чаралары — обочолонуу, социалдык дистанцияны жана жеке гигиенаны сактоо зарыл;

— Эмдөө — эң эффективдүү алдын алуу чарасы болуп саналат, бирок бул процедурада этият болуу керек.

Андыктан, эмдөө боюнча чечим дарыгер менен бирдикте кабыл алынышы керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button