Окуялар
«Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчиси октябрга чейин камакка алынды

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канат Ашырбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Шектүү 3-октябрга чейин абакта болмокчу.
УКМК «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору менен «Кара-Кече» филиалынын эсепчисин 4-август күнү кармаган.
Атайын кызматтан билдиришкендей, «Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчилиги Кара-Кечеде казылган көмүрдүн көлөмүн азайтып көрсөтүп жүргөн. Кийин ал сырье башка компаниялар аркылуу кардарларга, ошонун ичинде Бишкек ТЭЦине сатылчу.
Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын экспертизасынын жайынтыгында жылына 370 миң тонна көмүр кыскартылып келгени айтылган. Анын баасы 600 миллион сом деп бааланууда.



