Коом

Олимпиададан спортчуларды тосуп алуу үчүн «Ала-Тоо» аянты жабылды

Токио Олимпиадасынан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу салтанатына даярдалып жаткан борбордук «Ала-Тоо» аянты жабылды. Учурда анын тегерек-чети тосулуп, ичинде милиция кызматкерлери гана жүргөнүн көрүүгө болот.

Эске салсак, бүгүн Япониядан Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын басымдуу бөлүгү кайтып келет. Алардын арасында грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль алган Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн күмүшкө жеткен Айсулуу Тыныбекова жана коло медалдуу Мээрим Жуманазарова дагы бар.

Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара саат 13:00дө «Ала-Тоо» аянтында башталат. Иш-чарага спортчуларды тосуп алууну каалаган бардык жарандар чакырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button