Маданият

«Саманчынын жолу» Астанада баш байгени утту

Спектаклди режиссер, маркум Марат Козукеев сахналаштырган.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын «Саманчынын жолу» спектакли Астанада өткөн «ТеатрALL» эл аралык театр фестивалында баш байгени утуп алды. Бул туурасында аталган театрдан кабарлашты.

Спектаклди режиссер, маркум Марат Козукеев сахналаштырган.

Фестивалга алты мамлекеттен 14 театр катышкан. Жыйынтыгында Кыргызстандан келген «Саманчынын жолу» мыкты деп табылып, 1,5 миллион теңгелик (270 миң сом) сертификат тапшырылган.

Андан сырткары, «Саманчынын жолу» Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн алкагында да көрсөтүлгөн.

«TEATRALL» — көрүнүктүү театр жана кино режиссеру, Казакстандын Эл Баатыры, СССРдин эл артисти жана СССР жана Казакстандын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты Азербайжан Мамбетовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулган.

@user22

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button