Окуялар
Нарында дайынсыз жоголгон Эржан Актанов изделүүдө. ФОТО

Нарында дайынсыз жоголгон Эржан Актанов изделүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Нарын районундагы Учкун айылынын тургуну 1982-жылы туулган Эржан Актанов 2021-жылдын 30-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Кийген кийимдери: башында көк-жашыл түстөгү баш кийим, үстүндө өңү көк түстөгү куртка, кара түстөгү шым, боз түстөгү бут кийим.
Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, чачы кара кыска.
“Эржан Актановду көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерлерге билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз. Байланыш номерлери 102, 03534 5-16-51, 0704 99 66 26”, — деп айтылат билдирүүдө.



