Окуялар

Жигити менен кеткен 17 жаштагы Саида Исмаилова изделүүдө

Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Саида Исмаиловага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 4-августунда Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, жогоруда аталган дайынсыз жоголгон кыз 1996-жылы туулган Аттокуров Азат Касымалиевич аттуу жигити менен кеткен.

«Саида Исмаилованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмү(0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35 35 29 ”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button