Коом

Олимпиадада медаль уткан балбандарга тапшырылган Тойота унаасынын сүрөтү

Бүгүн, 23-августта Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү.

Анда өлкө башчы Садыр Жапаров Олимпиадада медаль уткан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырылды. Өлкө башчы Садыр Жапаров балбандарды унаага өзү отургузду.

Мындан тышкары Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовго 10 миллион, Мээрим Жуманазаровага 7 миллион сом тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button