Спорт

«Мен үчүн бул күтүүсүз болду!» Айсулуу Тыныбекова президенттин жаңы унаасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

2020 -жылкы жайкы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова президент Садыр Жапаровго кең пейил белеги үчүн  социалдык тармактагы баракчасына ыраазычылык билдирди.

«Урматтуу достор! Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирээт бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз!

Мага II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик!

Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук.

«Toyota RAV4» үлгүсүндөгү авто унаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз Садыр Жапаров бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!”- деп жазды ал.

Бир саатка жетпеген убакыттын ичинде Айсулуу Тыныбекованы куттуктап, президентке ыраазычылык билдирип, пикир калтыргандардын саны эки миңден ашты.

Эске салсак, бүгүн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнүн  сыйлоо аземи болуп өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button