Окуялар

Чек арачылар 2,6 млн сомдук дарыны мыйзамсыз ташыган эки жаранды кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын кызматкерлери 23-августта мыйзамсыз ташылып бара жаткан аткезчилик жүктү кармады.

Аталган кызматтан билдиришкендей, чек ара кызматкерлери УКМК жана ИИМдин кызматкерлери менен бирге Кожо-Бакырган каналын бойлой бара жаткан “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасын токтоткон.

“Унаада 1994-жылкы С.Э. аттуу айдоочу жана 1994-жылкы С.С. аттуу жүргүнчү болгон. Экөө тең Кыргызстандын жарандары. Унааны кароо учурунда тиешелүү документтери жок дары-дармек салынган 175 куту алынган. Алдын ала маалымат боюнча, дарылар 2 млн 680 миң 600 сомго бааланат”, — деп айтылат маалыматта.

Документтер толтурулгандан кийин кармалган эки жаран жана жүк тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button