Коом

Биримдикке жана тынчтыкка чакырган. Сүрөтчү Таалайбек Усубалиев алты президентти чогуу тарткан картинанын маанисин түшүндүрдү

Сүрөтчү Таалайбек Усубалиев  ММК булактарына учурда талкуу жараткан  «Ата-Бейит» сүрөтүнүн маанисин түшүндүрдү. Сүрөтчүнүн айтымында, ал картина позитивдүү маанини түшүндүрөт.   Бардык президенттерди бир сүрөттө чагылдыруу менен, аларды өлкөнүн келечеги үчүн биримдикке жана тынчтыкка чакыргысы келген.

«Ата-Бейит» — ар бир кыргыз жараны үчүн ыйык жер, мен келечек муунга тарыхыбызды, биздин ата-бабаларыбыз өлкө үчүн кантип күрөшкөнүн эстетүү үчүн ушул жерди сүрөттөөнү чечтим.

Бул сүрөттө чагылдырылган бардык президенттер  Кыргызстандын келечеги үчүн  жооптуу экенин, алардын биригиши керектигин эске салууну туура көрдүм.  Мен бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакыргым келди, ансыз да биз үч революцияны баштан өткөрдүк.

Фондо Кыргызстан сүрөттөлгөн,  анткени сөз өлкө тууралуу болуп жатат,  “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси чагылдырылгандыктан композиция боз түстөр менен коштолгон.

Ал эми сүрөттүн каармандарына келсек, мен аларды сүрөтчү катары  кандай көрсөм, ошондой чагылдырдым. Кээ бирөөлөр сүрөттү көрүп бирөөнүн буту кыйшайып калды деп мени жемелегенге да жетишти, бирок мен аларды түз кылып көрсөттүм. Бул сүрөтчү катары менин чечимим. Сүрөттө Роза Отунбаева баарынан алдыда  турат, бул жөн жерден эмес. Биздин салт боюнча аялдарга урмат-сый менен мамиле кылуу керек экенин көрсөткүм келди. Алар ошондой эле Садыр Жапаров башкалардан айырмаланып, алдыга караганына көңүл бурушту. Бул анын азыр бийликте экенин жана келечектен үмүтү бар экенин көрсөтүп турат. Башка лидерлердин баары ылдый карап турушат, анткени алардын мөөнөтү өтүп кеткен », — деп түшүндүрдү сүрөтчү.

Чынын айтсам, бул сүрөттө Кыргызстандын жаназасын көрдүм дегендер  мен үчүн күтүүсүз болду. Жок, бул жаназа эмес, бул жөн гана тынчтыкка жана биримдикке чакыруу. Мен так ушундай маанини киргиздим.

Таалайбек Усубалиев картинанын үстүндө бир жылдан ашык иштегенин кошумчалады.

Эске салсак, 24 -августта Гапар Айтиев атындагы  көркөм сүрөт музейинде «Жаңы соцреализм — 2″ көргөзмөсү ачылган. Көргөзмөгө келгендерге  Ата-Бейит» картинасындагы бардык президенттердин гүлчамбардын алдында бир катарда тизилип турганы өзгөчө талкуу жаратты.  Интернет колдонуучулары социалдык желелерге  бул сүрөт тууралуу ар кандай пикирлерди калтырышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button