УКМК: К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобун каржылыган деген шек менен мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
КР УКМК тарабынан К.Досонов («Дженго» каймана аты менен белгилүү) жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Г.Ш.М.(1976-жылы туулган) кармалды.
Аталган Г.Ш.М. аффилирленген адамдар аркылуу «Ноокат Универсал Базар» ЖЧКсынын коммерциялык түзүмүнөн киреше алып, ал аталган уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жумшалганы аныкталган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, «Ноокат Универсал Базар» ЖЧКсынын балансында турган 14 276,28 м2 аянттагы жер тилкеси, ошондой эле Г.Ш.М.га таандык болгон 2005-жылкы Lexus GX470 унаасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Тергөө уланууда, аны менен катар кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын жана каржылоо булактарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
КР УКМК эскертет: кызмат ордуна же статусуна карабастан, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш уланууда.



