Окуялар

Суусамырдагы кырсык. Милиционерлер унаанын ичинен жарым миллиондон ашык акча тапкан

Суусамырдагы жол кырсык болгон жерден 614 миң 200 сом табылган. Бул тууралуу Чүй ИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Башкармалыктан милиционерлер 840 миң сом таап алган деген маалыматты төгүндөштү. Кечээ, 26-майда, болгон жол кырсыктан эки эркек, эки аял жана бир бөбөк мерт болгон. 

Милиционерлер кырсык болгон жерди карап протокол түзүшкөн. Каза болгон 58 жаштагы З.З. аттуу аялдын жанынан документтери жана 17 миң сом, 29 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочунун жанынан документтери менен 13 200 сом табылган.

58 жаштагы К.Р. аттуу жаран отурган унаанын алдыңкы отургучунан табылган кара барсетканын ичинде 594 миң сом болгон.

Акча каражаты окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин милицияда болот. К.Р. аттуу маркумдун туугандары анын жанында 600 миңдей сом болгонун билдиришкен.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button