Коом

ИИМдин музейи: Кыргыз милициясынын тарыхы жаңы мейкиндикте

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Сагын Наматбаев атындагы музейи капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин кыргыз милициясынын тарыхый мурасын сактоо жана жайылтуу үчүн заманбап көрүнүшкө жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, кайрадан эшигин ачты.

Музейдин имараты — бул жөн гана тарыхый экспонаттарды сактоочу жай эмес, ал ички иштер органдарынын түзүлүшүнүн жана өнүгүүсүнүн негизги этаптары, милиция кызматкерлеринин кесиптик салттары жана муундардын уландысы чагылдырылган мейкиндик.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө имарат жаңыланып гана тим болбостон, кеңейтилди. Мурдагы эки кабаттуу имаратка үчүнчү кабат кошулуп, музейдин экспозициялык жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейтилди.

Анын биринчи кабатында ар кандай иш-чараларды, жолугушууларды жана тематикалык сабактарды өткөрүүгө арналган чакан жана чоң конференц-залдар жабдылган.

Экинчи кабат толугу менен кыргыз милициясынын тарыхына арналган. Бул жерде ички иштер органдарынын түптөлгөн мезгилинен тартып бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү жолун ырааттуу чагылдырган тарыхый экспонаттар, архивдик материалдар жана маалыматтык стенддер жайгаштырылган. Ошондой эле экспозициялык залдын жасалгаланышына, анын ичинде ар бир элементи өзүнчө символикалык мааниге ээ болгон түстөрдүн тандалышына өзгөчө көңүл бурулган.

Үчүнчү кабатта Кыргыз Республикасынын Президентине, ар кайсы жылдардагы Ички иштер министрлигинин жетекчилерине жана ведомствонун генералдарына арналган тематикалык көргөзмөлөрдү камтыган сүрөт галереясы жайгашкан.

Музейдин заманбап технологиялар менен жабдылышы да өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Ар бир кабатка электрондук маалыматтык панелдер орнотулуп, алардын жардамы менен каалоочулар кыргыз милициясынын тарыхы, архивдик сүрөттөр, документалдык тасмалар жана ведомстволук «Бетме-бет» гезитинин жана “Кыргыз милициясы” журналынын материалдары менен тааныша алышат.

Жаңыланган Сагын Наматбаев атындагы музей ички иштер органдарынын тарыхы менен тааныштыруучу жай гана болбостон, патриоттук тарбия берүү, тарыхый эстутумду сактоо жана муундар ортосундагы байланышты бекемдөө багытындагы маанилүү мейкиндикке айланмакчы.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Back to top button