Равшанбек Сабиров «Нукура Про» ЖЧКсынын инвестициялык долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты

11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын өндүрүү боюнча жаңы заводдун курулушун караган «Нукура Про» ЖЧКсынын инвестициялык долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүздү.

Иш сапардын алкагында Улуттук агенттиктин директору курулуш иштеринин жүрүшү, долбоорду ишке ашыруунун учурдагы этабы, ошондой эле ишкананы өндүрүштүк ишмердүүлүктү баштоого даярдоо процесси менен таанышты.

Долбоорго тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 7,7 млн АКШ долларын түзөт.

Аталган долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн сүт тармагын өнүктүрүүгө жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга олуттуу салым кошот. Жаңы ишкананын ишке кириши ата мекендик сүттү кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү сүт азыктарын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле долбоордун алкагында экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Өндүрүлө турган продукциянын эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келиши пландалууда. Бул өз кезегинде ишкананын тышкы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатууга шарт түзөт.



