Коом

Садыр Жапаров Түркиянын президентине көңүл айтты

Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Измир провинциясындагы металлургиялык заводдо болгон жарылууга байланыштуу Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

“Измир провинциясында жайгашкан металлургиялык заводдо болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, ошондой эле жалпы Түркия элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Бул оор жоготууга байланыштуу маркумдардын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Тектеш кабарлар

Back to top button