Окуялар

Дүкөндө чыр салган кишиге милиция чакыртылып, аны милиция бөлүмүнө алып барышканда каза болуп калды


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милициянын бөлүмчөсүндө эркек киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 23:10 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан милиция бөлүмчөсүндө 45-50 жаштагы эркек киши өз ажалы менен каза болуп калгандыгы тууралу маалымат келип түшкөн.

«Аталган маалымат боюнча Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып жансыз денеге кароо жүргүзүшкөн. Териштирүүдө маркум айылдагы соода-сатык дүкөндөрүнүн бирине мас абалда барып, ызы-чуу салгандыгына байланыштуу дүкөн ээси милиция чакырткан. Милиция кызматкерлери келип, мас адамды аймактык милициянын бөлүмчөсүнө алып келишкен. Ал ошол учурда өзүн жаман сезип жаткандыгын айтып суу сурап суу ичкен. Андан соң милиция кызматкери «Тез жардам» бөлүмүн чакыртып, биринчи тез жардам көрсөтүлүп жатканда белгисиз себептерден улам каза болуп калган.

Каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жансыз денени сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинен жарааттар байкалган эмес. Анын аты-жөнү аныкталып, ал Базар-Коргон районунун 1973-жылы туулган Т.Р. аттуу тургуну экендиги аныкталып, жансыз дене туугандарына өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button