Коом

Атамбаевдин кызы Ысык-Көлгө ит менен түшүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Ити барлар Ысык-Көлдүн жээгинде үй жаныбарлары менен эс алып, сууга түшүүгө уруксат берилген атайын тилкелерди уюштурууну сунушташты.

Демилгечилердин бири Алия Шагиеванын айтымында, учурда аталган жаныбар менен келген эс алуучулар көл жээгиндеги дээрлик бардык пляждарда чектөөлөргө туш болушат.

Анын пикиринде, атайын бөлүнгөн аймактарда үй жаныбарларынын ээлери иттеринин артынан сөзсүз тазалап, башка эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратпоого милдеттүү болушу керек. Кайрылууда мындай тилкелерге эмдөөдөн өткөн, адамдарга көнгөн жана агрессивдүү эмес иттер гана киргизилиши сунушталган.

Азырынча мамлекеттик органдар жана пляждардын администрациялары бул демилге боюнча расмий жооп бере элек.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдө үй жаныбарлары менен сууга түшкөндөр эс алуучулардын нааразычылыгын жаратып келген.

Тектеш кабарлар

Back to top button