Кара-Көлдө асынып алган жигитти милиция кызматкерлери сактап калышты

Кара-Көл шаардык ИИБинин кызматкерлери өзүн-өзү асып алган жаранды сактап калышты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы 3-сентябрда саат 23:00 чамасында Кара-Көл шаардык ИИБүнүн нөөмөт бөлүмүнө аталган шаардын тургуну үйүнүн алдындагы даракка өзүн асып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат боюнча Кара-Көл шаардык ИИБнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганда, 1995-жылы туулган К.К. аттуу жаранды даракка асынып турган абалда табышкан. Кызматкерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалма дем алдыруу жасаганда, ал өз алдынча дем ала баштаган. Андан кийин дароо шаардык ооруканага жеткиришкен. Ал жактан тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында Кара-Көл шаардык ИИБнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 137-беренесинин 1-бөлүгүнүн көрсөтүлгөн кылмыштардын белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.



