Саясат

Атамбаевдин иши. Мурунку президентти № 1 тергөө абагына которушат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергɵɵ изоляторунан № 1 тергɵɵ абагына которушат. Бул тууралуу  анын жактооочусу Замир Жоошев билдирди.

 «Мен кечээ Атамбаев менен жолукканда, аны башка абакка которулаары белгилүү болду. Бүгүн аны № 1 тергɵɵ абагына жеткирип, андан кийин, балким № 47 түзɵтүү колониясындагы ооруканага алып барышы мүмкүн. Башка иштер боюнча тергɵɵ амалдары жана сот отурумдары бүтɵ элек», — деди Замир Жоошев.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча ИИМ Жазык кодексинин бир катар беренелерине таянып, иш козгогон. Бул иш боюнча депутаттар Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова, КСДПнын мүчɵсү Равшан Жеенбеков ɵтүп жатышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button