Коом

Коронавирус. Оор форма менен ооругандар 3 жумадан кийин кайра текшерүүдөн өтүшү керек

COVID-19дун оор формасына чалдыккан бейтаптар 1 жуманын ичинде, бирок ооруканадан чыгарылгандан кийин 3 жумадан кечиктирилбестен кайрадан текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу брифинг учурунда профессор, М.Миррахимов атындагы УКТБ пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысы Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, постковиддик синдром менен ооруган 10-20% бейтаптарда 30-60 күндүн ичинде кайра ооруканага жаткыруу зарылдыгы келип чыккан. «Бейтаптарды кайра госпитализациялоо кадимки же адистештирилген ооруканаларда жүргүзүлүүгө тийиш. COVID-19дун оор формасына чалдыккан бейтаптар 1 жуманын ичинде, бирок ооруканадан чыгарылгандан кийин 3 жумадан кечиктирилбестен кайрадан текшерүүдөн өтүшү керек»,-деди ал.

Сооронбаев реабилитация бардык бейтаптар үчүн милдеттүү болуп саналарын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button