Коом

Баткенде курулуш компаниянын директору бир нече алдамчылык фактысына шектелип кармалды

2022-жылдын сентябрь айында, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 9 үйдүн курулушун жүргүзгөн курулуш компаниясынын директору 1990-ж.т. Г. У. аттуу жаран 2023-жылдын март айында Баткен шаарынын тургуну К.М. темир иштетүүчү цехинен 1145 403 сомдук темир курулуш материал сатып алып, акчасын он беш күндө беремин деп ишеничке кирип алдап, акчасын бербестен изин жашырып качып кеткен.
Натыйжада жабырлануучуга 1 145 403 сом өлчөмндө зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле арыз менен Баткен шаарынын тургуну Ш.А. аттуу жаран кайрылып, 2022- жылдын октябрь айында курулуш компаниясынын директору 1990-ж.т. Г.У. ооз эки келишим менен күнүнө 20 сомдон деп 100 даана опалубка алып, 2023-жылдын күз мезгилинде 50 даана опалубканы бердирип жиберип, калган 50 даана опалубканы жана ижара акысын бербестен качып кеткен.
Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жашырынып жүргөн курулуш компаниясынын директору 1990-ж.т. Г.У. аттуу жаранды Бишкек шаарынын аймагынан кармап, тергөө кызматына өткөрүп беришти.
Учурда кылмыш иштери боюнча тергөө улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button