Дүйнө

Индияда нөшөрлөгөн жаандан 56 адам каза болду

Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында нөшөрлөгөн жаандан улам 56 адам каза болуп, дагы 46 адам жабыркады. Бул тууралуу ТАСС The Times of India басылмасына таянуу менен билдирди.

Штатта 1 миңден ашуун үй кыйрады. Аба ырайынын катаалдыгынан мал кырылып, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирилген.

Уттар-Прадештин көпчүлүк аймактарында жаан-чачындын көлөмү нормадан 775 пайызга жогору болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button