Коом
Жогорку Кеңеш Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев курулуш 6 жылга созуларын билдирди. Анын айтымында, долбоордун баасы 4 млрд 700 млн долларды түзүп, сумманын 50 пайызын Кытай насыя түрүндө бөлмөкчү. Калган сумманы ар бир өлкө биргелешкен ишканадагы үлүшүнө жараша өзү бөлүп бериши керек.
Сакиев балким, 30 жылдан кийин бул жол «Кыргыз темир жолу» ишканасынын карамагына өтүп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Транспорт министринин орун басары кыргызстандыктар үчүн 10 миңдей жумуш орду түзүлөрүн билдирген.



