Ысык-Көлдө жаранды алдап, 210 миң сомун алып кеткен шектүү кармалды

Милиция алдамчылыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын башында, Ак-Суу айылынын тургуну 28 жаштагы Б.У. Каракол ШИИБге арыз менен кайрылып, Бишкектен 40 тонналык үч контейнер алып келүүнү убадалап 210 миң сомун алып, изин суутуп кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 34 жаштагы М.Т. кармалды. Учурда дагы 10 факты боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, башка ушул сыяктуу кылмыштарга бул адамдын тиешеси болушу мүмкүн экендиги аныкталууда. Каракол ШИИБи шектүүнүн аракетинен жабыркаган бардык адамдарды милицияга арыз менен кайрылууну же нөөмөт бөлүмүнө чалууну суранат. Байланыш номерлери: 03922 5 13 80, 0708 049 244.



