Коом

Салык кызматы: накталай эмес төлөмдөрдү гана кабыл алгандар ККМден бошотулат

Кыргызстандын салык мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, акчалай төлөмдөрдү накталай эмес түрдө гана жүргүзгөн ишкерлер ККМди колдонбой эле иштей алышат.

Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Бул жаңы нерсе QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, идентификацияланган электрондук капчыктар, мобилдик тиркемелер жана башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калкка төлөмдөрдү накталай эмес формада гана жүргүзгөн ишкерлерге тиешелүү.

Бирок накталай эмес жана накталай төлөмдөрдү кабыл алган субъектилер бул мыйзам жобосун колдоно албайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button