Коом

Бишкек менен Сеул боордош шаар болуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хун бүгүн борбор шаарлардын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын жана «Борбордук Азия — Корея Республикасы» биринчи саммитинин алкагында Сеул шаарында өттү.

Документ соода, экономика, илим, маданият, билим берүү жана шаарды башкаруу тармактарында кызматташууну карайт. Ошондой эле муниципалитеттердин тиешелүү бөлүмдөрүнүн ортосунда байланыш түзүү, делегациялар менен тажрыйба алмашуу пландалууда.

Биргелешкен конкреттүү долбоорлор, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү жана каржылоо маселелери тууралуу маалыматта айтылган эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button