Саясат

165 млн. бөлүнгөн. Марипов Төө-Ашуудагы жолдун оңдолуп жатканын көрдү. Сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек — Ош унаа жолунун тилкесиндеги (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Улукбек Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды», — деп жазылган маалыматта.

Ал автомагистралда жол коопсуздугун камсыздоо зарыл экенин белгилеген.


Учурда Төө-Ашуудагы жолдун тилкесине асфальт менен бетон төшөлүүдө. Аба ырайы жакшы болсо, курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктай турганы айтылат. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган.




Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button