Саясат

Кыргызстандагы лидер айымдардын Улуттук форуму өтүп, көйгөйлүү маселелер талкууланды

26-сентябрда  Кыргызстандын бардык аймагындагы  активдүү айымдар чогулуп, Бишкекте “Лидер, жаратман жана саясатчы-аялдардын өнүгүүсү үчүн багыттар” аттуу Кыргызстан Аялдары Кеңешинин Улуттук Форуму өттү.

Кыргызстандагы активдүү, лидер айымдардын демилгеси менен өткөн бул форумга жарандык активтисттер, эл өкүлдөрү, жергиликтүү жана Жогорку кеңештин депутаттары, эксперттер катышып, учурдагы аялдардын коомдогу, үй-бүлөдөгү жана саясаттагы орду тууралуу кызуу талкуу болду.

Кыргызстан калкынын 52 %ы аялдардан турат, башкачка айтканда 3 миллион 300 миң аялзаты бар. Алардын саясатта, коомдо орду кандай, ушул тууралуу талкуу кызуу өттү.

Форумдун жүрүшүндө, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө аялдардын саясий катышуусун жогорулатуу, коомдук диалог жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү менен айымдар кеңештеринин лидерлик сапатын өнүктүрүү жолдору талкууга алынууда. Мындан тышкары, Ковид-19 пандемиясын ын шартында кыргызстандык айымдардын жаңыланган айкын жаңы саясий миссиясы тууралуу сөз болду.

Өзгөчө басым, аймактардагы активист аялдардын өлкөдөгү экономикалык-социалдык процесстерге олуттуу саясий таасир тийгизүүсү үчүн аларга бардык шарттуу аянтча түзүү жана эффективдүү түрдө кызматташуусуна коюлууда. Форумда Гүлнара Дербишева, Дамира Ниязалиева, Чолпон Баекова жана Гүлжамал Султаналиева доклад менен чыгышты.

“Чынын айтканда кандай иш-чара болбосун көз караштары бир адамдар бир багытка умутулушат эмеспи. Бүгүн аялдарга аянтча керек болуп жатат. Биз түзүп жаткан аялдар форумунда эч кимди сындабай, өзүбүздүн көйгөйдү чечүүнүн жолун караштырып жатабыз. Элет жеринде аялдар арасында көйгөйлөр өтө көп. Биз ал маселелерди баарыбыз биригип, аны чечүүдө биргелешип мамлекеттик органдарга сунушубузду берип жатабыз. Бул иш-чаранын шайлоого эч кандай тиешеси жок”,-деди Дамира Ниязалиева.

Мындай форум республикалык деңгээлди биринчи жолу өттү. Нарын аялдар кеңешинин төрайымы Сариева Бейшебүнүн айтымында, мындай форум аймакта аялдардын башын бириктирип, элдин социалдык турмушун жакшыртууда аялдардын салымы чоң болгонун баса белгиледи.

Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын ар кайсы аймагынан келген лидер айымдар түрдүү сунуштарын айтышып, бир добуштан Дамира Ниязалиеваны Кыргызстандагы айымдар кыймылынын кеңешинин төрайымы болуп шайланды.

Жогорку жана жергиликтүү кеңештеги шайлоолорго айымдарга берилген 30 пайыздык ченем менен чектелбей, мыйзамдуулук базасын бекемдөө зарылчылыгы белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button