Коом

Чүйдө бир жыл мурда жоголгон өспүрүм кыз изделүүдө

Чүй облустук ички иштер бөлүмү бир аял менен бир кызды издеп, ЖМКларга алар тууралуу маалымат таратты

Жок болуп жаткандардын бири — Тыныбекова Рахат Кубатбековна, 2004-жылы туулган. Гавриловка айылындагы үйүнөн өткөн жылдын 14-октябрында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы кара, кыска кыркылган.

Экинчиси — Кадырова Гүлмира Кенжеевна, 1985-жылы туулган. Сокулук айылынын тургуну, үйүнөн ушул жылдын 15-майында чыгып кеткен.

Белгилери: бою 168 сантиметр, чачы кара, далысынан бир аз ылдый түшүп турат. Башында жоолугу болушу мүмкүн.

Бул адамдар тууралуу маалыматты билгендер болсо төмөндөгү номерлерге кайрылса болот:

Чүй милициясынын нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;

Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү — (0312) 60-75-67;

Издөө тобу — 0558 86 14 86,0709 35-35-29

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button