Коом

Электр энергиясынын жана ысык суунун тарифи өзгөрүүсүз калат

Быйыл электр энергиясынын тарифи өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Азиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 30-сентябрда, министрлер кабинети тарифтик саясаттын планын бекитти. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн 700 киловаттык чек алып салынганын белгиледи. Эми 77 тыйындык тариф менен гана пайдаланышат.

Бирок 2022-жылдын июнь айынан тарта тариф болжол менен 7-10 пайызга жогорулаарын кошумчалады.

«Энергетика тармагынын жалпы карызы 129 миллиард сомдон ашат. Мындай жол менен кете берсек, энергетикалык секторду талкалап алабыз. Андыктан өзүн-өзү актай турган тарифти киргизүү каралды», — деди Алиев.

Энергетика жана өнөр жай министри калк үчүн коюлган чектөө 700 киловатт бойдон калганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button