Саясат
Жогорку Кеңеште чукул кызматтардын ишин текшерүүчү депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеште мамлекеттик органдардын чукул кызматтарынын ишин текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим бүгүн, 11-ноябрда парламенттин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Комиссия түзүү демилгесин депутат Улукбек Ормонов жана «Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу көтөргөн.
Комиссиянын курамына депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Чолпон Эсенаманова, Айгүл Карабекова, Улукбек Ормонов, Медина Кайрылбекова, Улукбек Карыбек уулу, Гүлшаркан Култаева, Махабат Мавлянова жана Табылды Муратбеков кирди.



