Окуялар

Алты ай мурун алтын буюмдарды уурдап, качып жүргөн шектүү кармалды. ФОТО

9-мартта Ак-Суу РИИБне Теплоключенко айылынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар үйүнөн алтын буюмдарды уурдашканын билдирген.

Жабыркаган адамдын айтымында, 8-март – Аялдардын Эл аралык күнүнө байланыштуу, үй-бүлөөсү менен мейманда болушкан. Үйүндө эч ким жогунан пайдаланган белгисиз адамдар, эшиктин кулпусун сындырып киришип, бөлмөдөн жалпы баасы 80 миӊ сомдон ашык түзгөн алтын буюмдарын уурдап кетишкен. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Аталган арыз Ак-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмыш орун алган жерде, кылдаттык менен кароо жүргүзүлүп, райондук милициянын криминалист-тескөөчүлөрү тарабынан кылмышка божомолдуу болгон жарандын кол тактары алынган. Алынган кол тактар изилдөөдөн өткөрүлгөндөн кийин, аталган кылмышка мурда соттолгон, 30 жаштагы жергиликтүү тургун Т.Э. тиешестиги мүмкүн экени аныкталган. Анын жашаган жери боюнча текшерүү жүргүзгөндө, кылмыш болгон күндөн кийин, Т.Э. белгисиз тарапка кеткендиги белгилүү болгон.    

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка тиешестиги мүмкүн болгон Т.Э. издөөгө алынып, ошондой эле уурдалган буюмдарды кайсыл жерге өткөргөндүгүн аныктоо максатында Каракол шаарындагы жана аймактагы алтын буюмдарды кабыл алуу жайлары текшерүүгө алынган. Бирок, көрүлгөн ыкчам иштер, тийиштүү жыйынтыктарды берген жок.

Кылмыш болгон мезгилден алты айга жакын убакыт болуп калганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын базарларынын биринде уурдалган алтын буюмдардын бири сатылгандыгы жөнүндө ыкчам маалымат түшөт. Аталган маалымат боюнча Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери республикабыздын баш калаасына чыгышып, кылмышка шектүү жарандын жашаган жерин аныктоого үлгүрүшкөн. Шектүү, Россия Федерациясына чыгууга аракет көрүп жаткан жеринен кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. 

Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү катары кармалган Т.Э., уурдоо фактысы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button