Исмаил Исаков: «Мамлекеттик катчылыкка дайындалган Сүйүнбек Касмамбетов иш билги, мыкты адис»

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Мамлекеттик катчы кызматына Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Сүйүнбек Касмамбетов тууралуу экс-депутат, генерал, мамлекеттик жана коомдук ишмер Исмаил Исаковдун пикирин билдик.
Исмаил Исаков:
“Сүйүнбек мырзанын жаңы кызматы менен куттуктайм. Ага ийгилик, ден соолук каалоо менен өзүнүн ишин так, таза, адилеттүү алып барарына ишенем. Себеби, Сүйүнбек мырза аппаратчы катары, уюштуруучу катары Кыргызстанда беш киши болсо, ошонун алдыңкыларынын сап башында турган жигит. Тажрыйбасы абдан мол, көп кырдуу. Албетте, өзүнүн иши Аппараттын жетекчиси болсо жакшы болмок. Бирок ушундай кызматка койгондон кийин бул ишти мыкты алып барарына терең ишенем.
Себеби, бул ар тараптуу адис, ыр дегенде ырдаган, сүйлөсө оозунда сөзү бар, керек болсо Манас айтып, комуз черте турган жигит. Ошондуктан бул кызматты акылдашып иштешсе Мамлекеттик катчы кызматын мыкты алып барарына жана жакшы иштерине толук ишеним бар.
Чындыгында Сүйүнбек мырза абдан мыкты адис, ал кандай гана иш болбосун алып кетээрине ишенген адам катары айта алам. Ал тууралуу айта берсе көп жакшы сөздөр бар. Ишине ийгилик каалайм.
Ушундай иш билги кызматкерлердин жоопкерчиликтүү кызматка келиши өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө болот”.



