Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды

Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Жасалып жаткан кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында, “QRAX” санариптик акча тиркемесин пайдалануу менен аял бир нече жарандарды алдап жүргөндүгү маалым болгон.
Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1977-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал тарабынан жасалган 27 кылмыш иши аныкталып, жалпы сумма 3 миллион 534 миң 330 сомду түзгөн.
«Мага аял келип, «криптомонета деген чыгыптыр. Акча көбөйтүп, байып кетсе болот экен» деп 100 миң сомумду алып кеткен. 2 жылдан бери алдап келе жатат. Эч кимге ишенбеңиздер»,- деди жабырлануучунун бири.



