Коом

Ысык-Көлдө мектеп окуучуларына жол эрежесин сактоо боюнча практикалык сабактар өткөрүлүүдө

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖККББнын кызматкерлери генерал-майор Т. Молдобаев атындагы «Автомотоклуб» айдоочуларды даярдоо окуу жайынын базасында, Каракол шаарынын №1 мектеп-гимназиянын жогорку класстарынын окуучуларына практика жүзүндө жол эрежесин сактоо боюнча сабак өткөрүлдү.   Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери окуучуларга жолдон өтүүнүн негизги тартиптерин эскертип кетишти, ошондой эле, жолдо уюлдук телефонго, же болбосо башка нерсеге алаксыган учурда, кандай коопту учурлар түзүлүшү мүмкүндүгүн балдарга кеӊири түшүндүрүлүп берилди. Андан тышкар, мектеп жанында жолду өтүүдө алгачкы класстарынын окуучуларына жардам берүү керектигин да белгилеп кетишти.     

Окуучу балдар жол эрежесин канчалык деӊгээлде өздөштүргөнүн билүү максатында, компьютердик тестерден өтүүгө мүмкүнчүлүк алышып, өз билимдерин практика жүзүндө сынашты. Жол коопсуздугунун кызматкерлеринин көзөмөлүнүн алдында виртуалдык тренажордо автоунааны айдап көрүшүп, жөө жүргүнчүнүн катышуусунда кандай эрежени бузгандарын, милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүлүп берилди. Ошондой эле, окуучу балдарга автоунаанын механиздеринин түзүлүшү жана кандай ролду аткарарын да айтып беришти. 

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖККББнын жол-кайгуул кызматынын бөлүмчө башчысы Аким уулу Мирландын айтымында, окуучулар арасында жол эрежесин сактоо боюнча алган билимдерин өздөштүрүлүсүн жогорулатуу максатында, класстарда лекциялар менен эле чектелбестен, практикалык сабактарды өткөрүүнү колго алынууда. Себеби, практика жүзүндө сабактар өткөрүлсө, окуучу балдар өз көздөрү менен көрүп, ошол жерде катышып, жакшы өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button