Окуялар
Чүйдө 49 жаштагы аңчы кар көчкү алдында калып, көз жумду
Чүйдө кар көчкү түшүп, бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМге Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөөсүн жок болуп жаткандыгы тууралу маалымат түшкөн. Саат 15:55де беш куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3 миң м3 кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган. Издөө иштерин жүргүзушүп саат 17:45те көчкүнун астынан 49 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Каза болгон жарандын денеси райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.



