Коом
Кыргызстанда энелердин жана ымыркайлардын өлүмү жогору бойдон калууда

Улуттук статистикалык комитеттин демографиялык жылдыгында Кыргызстанда энелердин жана ымыркайлардын өлүмү жогору бойдон калып жатканы айтылат.
Андагы маалыматка таянсак, 2023-жылы кош бойлуулуктун, төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки кыйынчылыктан улам 33 аял көз жумган, бул 100 миң аялга 22,6 өлүм туура келээрин билдирет.
Акыркы бир нече жылда азайтуу аракеттерине карабастан ымыркайлардын өлүмү жогору бойдон калууда. 2023-жылы ар кандай оорулардан, уулануудан жана жаракаттан 2040 бир жашка чейинки балдар каза тапкан. Бул 1000 тирүү төрөлгөн балага 14,0 өлүм туура келет дегенди билдирет.



