Саясат
БШК 6 саясий партия талапкерлердин тизмесин каттады
Борбордук шайлоо комиссиясы 6 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар: «Ата-Мекен», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман Нуру». «Ата Мекен» жана «Ынтымак» партияларынын бирден талапкерлери тизмеден алып салынды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.



