Эсенгул Исаков: Таза шайлоо өткөрүүгө аракеттер башталганы үчүн БШК спикерди талапкер катары каттабай койду

Президент Садыр Жапаровдун таза шайлоо өтөт деген убадасы аткарыла баштаганы Талант Мамытовдун талапкерлигин БШК каттабай койгонунан улам билинди. Мындай пикирин Эсенгул Исаков ММК булактарына билдирген.
— Эсенгул агай, Талант Мамытовду БШК талапкер катары каттабай койгону таза шайлоо өткөрүүгө аракеттер башталганын далилдейби?
— Талант Мамытовду каттабай койгону президенттин айткан сөздөрүнүн аткарылышы десек болот. Таза шайлоо өткөрүүгө аракеттер катуу башталганы үчүн спикерди да БШК талапкер катары каттабай койду. Чынында спикер деген мамлекетте экинчи чоң кызмат да. Кызматынан пайдаланбасын деп БШК бул жолу таасирдүү кызматта турганына карабай каттаган жок. Таза шайлоо өткөрөбүз деген ураандын негизинде бул жагы туура эле болду.
Булак: “Саясат kg”



