Коом

Эскертүү! 1-ноябрдан тартып Бишкектеги коомдук транспорттордо жол кире кымбаттайт

1-ноябрдан тартып бардык коомдук транспорттордо жол акы көтөрүлөт.

Эске салсак, жаңы тарифти Бишкектин шаардык кеңешинин депутаттары бекитишти.

Ошону менен маршруткаларда жол кире 15 сом, автобус жана троллейбустарда — 11 сом болот.

Пенсионерлер мурункудай эле автобус менен троллейбустарда бекер жүрө алышат, ал эми маршруткаларга жол акынын 50%ын төлөшөт, башкача айтканда — 8 сом.

Андан тышкары акысыз жүрүү үчүн убакыт узартылды. Эгер буга чейин ушул категориядагы жарандар арзандатылган тариф менен 17:00го чейин жүрүшсө, эми 21:00го чейин жүрө алышат.

Башкача айтканда, арзандатылган тариф бардык коомдук транспорттордо саат 08:00дон 21:00го чейин иштейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button