Кыргызстанда жыл башынан бери 93 башаламан таштанды төгүүчү жай жоюлду

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 93 башаламан таштанды төгүүчү жай жоюлду. Учурда өлкө аймагында таштандыларды сактоочу 230 жай иштеп жатат.
Эң жогорку көрсөткүч Ысык-Көл облусунда катталды. Мурда иштеп келген 51 таштанды төгүүчү жайдын 35и жоюлду. Натыйжада облуста таштанды сактоочу 16 жай калды.
Көрсөткүчтөр боюнча кийинки орундарда Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын жана Талас облустары турат. Бул аймактарда да башаламан таштанды төгүүчү жайлардын санын кыскартуу жана аймактардын санитардык абалын жакшыртуу иштери жүргүзүлүүдө.
Талас облусунда жыл башынан бери мурда иштеп келген 31 таштанды төгүүчү жайдын бири жоюлган. Учурда аймакта таштанды сактоочу 30 жай калды.
Мындан тышкары, Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаңы таштанды полигону курулууда. Бул объект ишке берилсе, Бакай-Ата жана Талас райондорундагы иштеп жаткан таштанды төгүүчү жайлардын саны дагы тогузга кыскарат.
Башаламан таштанды төгүүчү жайларды жоюу жана таштандыларды башкаруу инфраструктурасын өнүктүрүү иштери экологиялык абалды жакшыртууга, калктуу конуштардын санитардык коопсуздугун камсыздоого жана айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги таштандыларды башкаруу системасын өркүндөтүү жана уруксатсыз таштанды төгүүчү жайлардын санын кыскартуу боюнча иштерди улантууда.



