Окуялар
Токмокто аялдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Тергөө маалыматына ылайык, 2026-жылдын 25-сентябрында саат 18:10 чамасында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Жантаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
1953-жылы туулган С. И. аттуу маркумдун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы туулган И. А. аттуу шектүү кармалды. Ал 11-октябрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.



